Азаркулова Калбубу Туратбековна 1973-жылы 28-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1981-1991-жылдары Фрунзе шаарындагы Пушкин тындагы №5 мектеп интернатын окуп бутүрдү. 1991-1993-жылга чейин медайым адистигин окуган. 1993- 1997-жылга чейин «Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда» медайым болуп иштеген. 1995-жылы И.Арабаев атындагы университенинин сырттан окуу бөлүмүнө биолог-эколог факультетине тапшырып, 1999- жылы аяктаган. 1999-жылы Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин география мугалими, 2002-жылдан тартып химия, биология мугалими болуп эмгектенүүдө.
2019-жылдан 2020-жылдын июнь айына чейин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген. 2020-жылдын сентябрь айынан тартып директордун милдетин аткаруучу болуп, 2021-жылдын ноябрь айынан баштап мектеп директору болуп иштеп келет.
Ал учурда үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын апасы.